USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ысык-Көлдө чоң жүк ташуучу унаа өспүрүмдү өлтүрө сүзүп кетти

14:09, 27 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда чоң жүк ташуучу унаа 16 жаштагы өспүрүмдү өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, өспүрүм бала жолго кокустан чуркап чыга калган. Унаанын айдоочусу дароо токтотконго үлгүрбөй, баланы коюп кетти.

«Кырсык Бирдик айылында болду. Өспүрүм баланы ооруканага алып кетишкен, бирок ал эсине келбей каза болду», — деп билдиришти башкармалыктан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18