USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Шайырбек Абдырахман КТРКнын башкы директорунун орун басары болуп дайындалды

14:47, 22 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Белгилүү журналист Шайырбек Абдырахман КТРКнын башкы директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ал жергиликтүү сайттардын бирине билдирди.

Маалым болгондой, Шайырбек Абдырахман КТРКнын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары катары иш алып бармакчы.

«КТРКнын байкоочу кеңешинин жыйыны 21-июнда саат 16:00дө болуп өттү. Жыйынга катышкан байкоочу кеңештин 12 мүчөсү тең менин талапкерлигимди жактырышты», — деди Шайырбек Абдырахман.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18