USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Баткен шаарынын тургуну 2 ууру кыздын кылтагына илинди

09:12, 22 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Баткен шаарынын 25 жаштагы тургуну 2 ууру кыздын кылтагына илинди. Бул тууралуу шаардык ИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-июнда «Айдарали» базарынан азиат улутундагы 2 кыз бир нерсе сатып алымыш болуп кутудагы 62 000 сомду уурдап кетишкен.

Соодагер арыз менен тиешелүү органдарга кайрылып, жыйынтыгында шектүү кыздар кармалышты. Алар Жалал-Абад облусунун 23 жана 22 жаштагы тургундары болуп чыкты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18