USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

15:07, 21 июня 2018, Бишкек - 24.kg

ИИМдин кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган жаран алдамчылыкка шектелүүдө.

Алдын ала алынган билдирүүгө ылайык, милицияга жабыркаган тургун арыз менен кайрылып, 2015-жылы белгисиз бирөө жер аянтын берем деп алдамчылык жолу менен 4 миң доллар акча алып качып кеткенин айткан.

Аталган окуяга шектүү жаран Бишкектин четиндеги ресторандардын биринен кармалды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18