USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча 11-Эл аралык мелдеш уюштурулат

14:44, 20 июня 2018, Бишкек - 24.kg

23-июнда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз күрөшү боюнча 11-Эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалым болгондой, аталган мелдеш биринчи абсолюттук чемпион Туратбек Мазиевдин жаркын элесине арналат.

Иш чарага өлкөнүн бардык аймактарынан чакырылган спортчулар жана чет өлкөдөн келген 4 балбан катышат.

Спортчулар 6 салмак категориясы боюнча күч сынашат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18