USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

2016-жылы КР Акыйкатчысына жалпысынан 15 миңден ашуун жаран кайрылган

09:24, 20 июня 2018, Бишкек - 24.kg

2016-жылы КР Акыйкатчысына жалпысынан 15 миңден ашуун жаран кайрылып, 8 миң 640 киши юридикалык жардам алган. Бул тууралуу акыйкатчы Кубатбек Оторбаев Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинде  отчет берип жатып билдирди.

Маалым болгондой, аталган институтка кайрылгандардын ичинен 3 миң 800 киши кат жүзүндө арызданышкан.

Акыйкатчынын айтымында, даттануулардын 70 пайызы сот жана укук коргоо органдарынын ишине, 2,1 пайызы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, 1,3 пайызы социалдык камсыздандыруу органдарына тиешелүү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18