USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Сапар Исаковго жубайы менен жолугууга уруксаат берилди

17:05, 19 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Тергөө абагында жаткан мурунку премьер-министр Сапар Исаковго аялы менен жолугууга уруксаат берилди. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын үзөңгүлөштөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, процессуалдык процедураларга ылайык өттү. Буга чейин кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун кызматкерлери Сапар Исаковдун кармоо шарттарына карата нааразычылыгы жок экендигин билдирген. Ошондой эле, ал өзүн канааттандыраарлык сезип жатканын айтышкан.

Билдирүүгө ылайык, мурунку премьер-министрдин жубайы китептерди алып келип берди. Алардын арасында Сапар Исаков өзү суранган Герман Гессенин «Талаа карышкыры», «Альберт Эйнштейндин жашоосу» жана Шайлообек Дүйшеевдин «Агындылар» аттуу китептери бар.

Эске салсак, Сапар Исаковго жемкорлук айыбы тагылууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18