USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Абактагы Осмонбек Артыкбаевдин ден соолугу начарлап, тез жардам чакырылды

12:07, 19 июня 2018, Бишкек - 24.kg

УКМКнын тергөө абагында жаткан депутат Осмонбек Артыкбаевдин ден соолугу начарлап, тез жардам чакырылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине депутаттын жакындары билдиришти.

Эске салсак, депутатка жемкорлук боюнча айып тагылган.

Маалыматка караганда, депутаттын ден соолугуна байланыштуу тергөө абагына бир канча жолу тез жардам чакырылган.

«Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу Бишкек шаардык сотунун депутатты камоо тууралуу биринчи инстанциясынын чечимине даттанган. Бирок, соттук отурум качан болоору белгисиз. Жактоочу депутаттын ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылышын өтүнөт», — деп билдиришти өздүк булактар.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18