USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте ар бир 10-жол кырсыгы жүргүнчү ташуучу унаалардын катышуусунда болот

10:29, 19 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте ар бир онунчу жол кырсыгы жүргүнчү ташуучу унаалардын катышуусунда болот. Бул тууралуу тегерек столдо жол коопсуздугу боюнча долбоордун координатору Динара Дооронова билдирди.

Маалым болгондой, 2017-жылы 2 миң 269 жол кырсыгы катталган. Бул 2016-жылга салыштырмалуу 41 пайызга көп. Былтыр кырсыктын кесепетинен 70 киши каза тапкан.

Эң кооптуу делип Ленин району эсептелет. Анда кырсыктын 40 пайызы өлүм менен аяктаган. Ар бир онунчу жол кырсыгы жүргүнчү ташуучу унаалардын катышуусунда болууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18