USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жай ылдамдыктагы интернеттин айгынан паспорт столдорунда кезек күткөндөр көп

09:18, 19 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Жай ылдамдыктагы интернеттин кесепетинен паспорт столдорунда кезек күткөндөрдүн саны өсүүдө. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине окурмандар билдиришти.

«Сузак районундагы паспорт бөлүмүндө дем алыш күндөрү гана кезек күткөндөр болбойт. Паспорт столдорундагы иштерди тездетүүгө болбойбу? Көрсө региондордо интернеттин ылдамдыгын азайтып салышыптыр. Документтерди сканерден өткөрүп Бишкекке жиберүү көп убакытты алууда», — дешти окурмандар.

Каттоо кызматынан билдиришкендей, документтердин баарын жүктөгөндө интернет-канал толуп калып, ылдамдык азайып калат. Учурда аталган кызмат «Кыргызтелеком» ААКсы менен ылдамдыкты көбөйтүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18