USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Болотбек Ибраимжанов Миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалды

09:02, 14 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Болотбек Ибраимжанов Миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык кызматынан билдиришти. 

Билдирүүгө ылайык, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Медетбек Айдаралиев Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы кызматынан бошотулуп, ордуна Болотбек Ибраимжанов дайындалды.

Эске салсак, жакында эле «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Болотбек Ибраимжанов мандатын тапшырган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18