USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Түркмөнстандын түштүгүндө сел бир нече ооганстандык кишинин сөөгүн агызып келди

08:34, 14 июня 2018, Бишкек - 24.kg

28-майда Түркмөнстандын бардык аймактарында нөшөрлөгөн жамгыр жаап, Мургап дарыясында суу жээктен ашты. Мары облусунда сел жүрдү.

Тахтабазар районунун Марчак айлынын тургундары сел болорун алдын ала билишкенин айтышты. Алар эң керектүү буюм-тайымдарын алып, кыштактын дөңсөө жерине чыгышып, аман калышкан. Мал жандыктарын, турак-жайларын сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

«Селдин агымы ушундай катуу болгондуктан, айылды бүт каптап кетти. Сел бүткөндөн кийин баткактардын арасынан Ооганстандын сегиз жашоочусунун денеси табылды. Алардын сөөгүн дөңгө алып барып көмүштү», — деди Мары облусунун жашоочусу.

Серхетабат районунун Чеменебит совхозун да суу каптап, жашоочулар турак-жайсыз калышты. «Селден жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардам иретинде бирден синтетикалык матрас жана жаздык гана берилди», -деди Чеменебит айлынын тургуну.

Айрым маалыматтар боюнча жергиликтүү аткаминерлер жабыркагандарга жардам берүү үчүн бюджеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлеринен акча чогултушууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18