USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандын Жогорку соту казакстандык блогерди камакта калтырды

14:39, 13 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Жогорку соту казакстандык блогерди камакта калтырды. Маалым болгондой, ал № 1 тергөө абагында кармалат.

Эске салсак, 10-майда УКМКнын кызматкерлери Бишкекте кармалган казакстандык блогер Мурат Тунгишбаевди тергөө абагына алып келишкен.

Казакстандык блогер бозгун саясатчы, оппозиционер Мухтар Аблязов менен байланыштыгы бар жана ал «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылын колдойт деп айыпталууда. Эгерде кыргыз бийлиги аны Казакстанга өткөрүп берсе, анда анын мүлкү конфискацияланып, өзү 7 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18