USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүн президенттин туулуп өскөн айылында ифтар уюштурулат

17:04, 12 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн президенттин туулуп өскөн айылында ифтар уюштурулат. Ооз ачарга чакырылгандар «24.kg» агенттигине билдиришкендей, Сооронбай Жээнбеков жыл сайын салтты бузбай орозо кармагандарга ооз ачар уюштуруп келет. Бирок, ал эч качан кайрымдуулугу тууралуу элге жарыялабайт.

Кара-Кулжадагы ооз ачарга мурунку жана азыркы аткаминерлер, Ош облусунун белгилүү инсандары, аксакалдар чакырылган.

Бул күнү президенттин атынан атайын унаа кишилерди алып келип, кайра үйлөрүнө жеткирет. Келген меймандарды өлкө башчысынын бир тууганы Асылбек Жээнбеков тосуп алат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18