USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте 4 киши тамактан ууланышты

16:49, 12 июня 2018, Бишкек - 24.kg

4 киши лагман жеп ууланышты. Бул тууралуу санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул азырынча божомол бойдон калууда. Учурда текшерүү уланып жатат.

Жабырлануучулардын айтымында, аял лагман жана салат жасаган. Бирок, лагмандын камырын базардан сатып алышкан.

Сатуучунун жанында санитардык китепчеси болгон эмес.

Бейтаптар жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылып, процедурадан кийин үйлөрүнө жөнөтүлдү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18