USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Алмамбет Шыкмаматовдун ишин кайра тергөөгө жөнөтүү талабы коюлду

11:19, 12 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаардык сотунда депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча соттук териштирүү уланууда. Жактоочу Чынара Жакупбекова тергөөдөгү мыйзамсыз жагдайларды оңдоо талабы менен ишти кайра тергөөгө жөнөтүү өтүнүчү менен сотко кайрылды.

Анын айтымында, тергөө маалында бир эле иш аракет боюнча эки башка чечим кабыл алышкан. Биринчисинде, Алмамбет Шыкмаматовдун аракетинде кылмыш фактысы жок деген чечим кабыл алынып, аны кайра жокко чыгарбай туруп, «жемкорлук» беренеси менен иш козголгон.

«Бул жагдай тергөөчүлөр тарабынан Баш мыйзамды одоно бузуу болуп саналат. Мындан тышкары мамлекетке келтирилген чыгымды тергөө аныктай алган эмес. Ошол себептен ал ишти кайра тергөөгө жөнөтүү керек», - деди жактоочу. 

Эске салсак,  Алмамбет Шыкмаматовго  Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деген кине тагылууда. Соттун чечимине ылайык, ага 5 миллион сом айып төлөө милдеттендирилген. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18