USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Депутат: Кыргызстандыктар алган 20 насыянын бири той-ашка коротулат

14:18, 11 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандыктар алган 20 насыянын бири той-ашка коротулат. Бул тууралуу депутат Айнуру Алтыбаева бюджет жана каржы боюнча комитеттин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, насыялардын 17 пайызына жакыны тойлорго коройт. Ал эми 4 пайызы адамды көмүү жана эскерүү зыйнатына кетет.

«Мен муну калктын каржылык сабатсыздыгынын натыйжасы деп эсептейм», -деди депутат.

Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдиргендей, каржылык сабатсыздыктын айынан насыя алуучулардын 90 пайызында көйгөйлөр жаралат.

«Кээ бир жарандар туугандарына насыя алып берүү үчүн, болгон мүлкүн күрөөгө койгон учурлар кездешет», -деп кошумчалады ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18