USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Толкунбек Абдыгулов Улуттук Банктын төрагалыгынан качан кете турганын айтты

12:09, 11 июня 2018, Бишкек - 24.kg

«Мени 7 жылдык мөөнөткө шайлашкан. Мөөнөтү бүткөндө кызмат ордумду башка жаңы муунга өткөрүп берүүгө даярмын». Бул тууралуу Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бюджет жана фискалдык саясат боюнча парламенттик отурумда айтып чыкты.

Анын билдиргенине караганда, былтыр биринчи вице-премьердин сунушун туура деп эсептегендиктен кабыл алган. «Бирок, 2 айдан кийин мен вице-премьер-министр болуп шайландым. Президенттик шайлоодон кийин кайрадан Улуттук Банкты жетектөө сунушу түшүп, мен макулдугумду бергем», -деди ал.

Депутат Сайдулла Нышановдун пикиринде Улуттук Банктын төрагасынын өлкө тарыхында калууга баардык мүмкүнчүлүгү бар.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18