USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

№ 27 түзөтүү колониясында соттолгондор ачкачылык акциясын улантышууда

09:35, 11 июня 2018, Бишкек - 24.kg

№ 27 түзөтүү колониясында соттолгондор ачкачылык акциясын улантышууда. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, камактагылар камерада отурууну каалашпайт. Алар лагердик типте кармоону жана телефон колдонууну талап кылышууда.

«Расмий түрдө 60 киши ачкачылык жарыялашкан, учурда алардын 20сы тамак жеп баштады. 10 киши ооздорун көктөп, 11 соттолуучу колдорундагы күрөө тамырларын кесишкен. Алардын абалын акыйкатчы жана кыйноолорду эскертүү боюнча Улуттук борбордун өкүлдөрү келип көрүп кетишти», -деп билдиришти ЖАМКтан.

Эске салсак, 5-июнда экстремизм жана террорчулук боюнча соттолгон 70ке жакын киши ачкачылык жарыялашкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18