USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ала качуудан каза тапкан Бурулайдын элесине арналып тасма тартылды

17:57, 08 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Ала качуудан каза тапкан Бурулайдын элесине арналып тасма тартылды. Кыскаметраждуу тасмада мектеп окуучусу жөнүндө баяндалат.

Атасы Россияда иштеп жүргөн кызды жашы жете электигине карабай айылдын балдары алып качып кетет. Коңшусунун жардамы менен гана аны кайтарып келишет.

Тасмада «бала, же кыз бирөөнүкү болбойт», «кыздын бийик кыялы кыялбасын» деген ойлор айтылат.

Эскерте кетсек, 19 жаштагы Бурулай Турдалиева 27-май күнү Жайыл райондук ички иштер башкармалыгында бычакталып өлтүрүлдү. Аны Марс Бөдөшов аттуу жигит алып качып, кийин бычак сайган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18