USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

№ 27 түзөтүү колониясында 10 киши күрөө тамырларын кесип салышты

16:02, 08 июня 2018, Бишкек - 24.kg

№27 түзөтүү колониясында соттолгондордун ичинен 10 киши күрөө тамырларын кесип салышты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине жактоочу Абаз Мамбетакунов билдирди.

Айтымында, 70тен ашуун киши ачкачылык жарыялашты.

«Соттолуучулардын айтымында, аларды ЖАМКтын кызматкерлери кыйнашат. Мындан тышкары колониянын жумушчулары камактагылардан акча талап кылышат. Мамлекеттик кызматтын жетекчилиги арыздарга такыр көңүл бурбагандыктан, ачкачылык жарыялашууда», -деди Абаз Мамбетакунов.

ЖАМКтын басма сөз кызматы 10 кишинин күрөө тамырларын кесип салышы тууралуу маалыматты тастыкташты. Алар билдиришендей, күрөө тамырларын үстүртөдөн кесип коюшкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18