USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

ИИМ Данияр Абдыкаровдун Түркияга чыгып кетүүсү боюнча кызматтык иликтөө баштады

14:18, 08 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Ички иштер министрлигинин орун басары Данияр Абдыкаровдун Түркияга чыгып кетүүсү боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Алардын маалыматында, Данияр Абдыкаров эмгек эргүүсүнө чыккан.

«Бирок анын Түркияга учуп кеткендиги тууралуу маалымат пайда болгондон кийин. Кызматтык иликтөө башталды. Анткени, чет өлкөгө чыгаарда ал бул тууралуу рапорт жазышы керек» — дейт ИИМ.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары Данияр Абдыкаров боюнча жазылган маалыматтардын чын-төгүнүн тактоону талап кылышкан. Жергиликтүү гезиттерде байма-бай Данияр Абдыкаров баңги зат жана кылмыштуу топту башкары жөнүндө маалыматтар жарыяланган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18