USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Самарканд облусунда экстремизм айыбы менен 226 киши издөөгө алынды

16:37, 07 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Акыркы беш айда агитациялык жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында мурун диний-экстремисттик идеалардын таасирине кирип кетип, издөөдө жүргөн он беш киши туруктуу жашаган жерине кайтып келди.

Жергиликтүү ММКлар кабарлагандай, учурда диний экстремизмге шектелген 226 киши издөөдө жүрөт.

Буга чейин диний экстремизмге шектелген самарканддык 1623 киши укук коргоо органдарынын «кара тизмесинен» чыгарылды.

2018-жылдын башынан тарта Самарканд облусунда экстремизм, терроризм айыбы менен 12 киши жоопкерчиликке тартылган.

Алардын ичинен сегизи чет өлкөгө иштөө үчүн кетип, Интернет аркылуу экстремисттик топторго кошулган, калгандары диний фундаментализмди үгүттөө иштери менен алектенишкен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18