USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Каракалпакстанда 4 жашар кыз аттракциондо мерт болду

14:07, 07 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Каракалпакстан республикасынын Төрткүл шаарында аттракциондо 4 жашар кыз набыт болду. Маалыматтарга караганда, аны балдар паровозу тебелеп кеткен. Окуя 31-майда — Эл аралык балдарды коргоо күнүнүн алдында катталган.

Төрткүл районунун акиминин орун басары Хайрулла Матназаров «Ёшлар» паркында кырсык болгонун тастыктады.

Аттракцион мамлекетке эмес ишкерлерге таандык болгон. Учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери иликтөө жүргүзүп жатышат. Аттракциондордун коопсуздугу текшерилүүдө. Анын жыйынтыгы тууралуу кийинчерээк маалымат беребиз.

Хайрулла Матназаров

Күбөлөрдүн бири трагедияга коопсуздук эрежелерин сактабагандык себеп болгонун айтты. 

«Ал кыз майрамга бир күн калганда апасы менен паркка барган экен. Наристе аттрокциондор тосулган тосмону аттап өтүп, паровозго жакын барган. Ошол маалда оператор коопсуздукту текшербей, паровозду жүргүзүп жиберген. Кыз ошол жерден жан берген», — деди ал. 

Төрткүлдүктөрдүн айтымында «Ёшлар» паркынын колдонуу мөөнөтү эбак өтүп кеткен. Бир жыл мурун ал жерге Ташкенттен эски аттракциондору алып келип орнотушкан. Алардын айрымдарында коопсуздук кемерлери жок же өтө эскирген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18