USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Депутаттар Бишкектин жолдоруна асфальт төшөө боюнча иштердин сапатына нааразы

12:25, 07 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Депутаттар Бишкектин жолдоруна асфальт төшөө боюнча иштердин сапатына нааразы болушууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Анын айтымында, Бишкектеги жолдорду оңдоо маалында бузулган сугат түйүндөрү калыбына келтирилип жатат. Бирок, депутат аткарылып жаткан иштердин сапатына нааразы. Анын пикиринде, куруучулар технология эрежелерин сактабай жатышат.

«Асфальт менен төшөлгөн жолдордун жаңы көрүнүшү шек жаратууда. Адистер бул боюнча өз ойлорун айтышы керек», —деди Чыныбай Турсунбеков.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18