USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Президент Кытайга мамлекеттик сапар менен жөнөп кетти

10:21, 06 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Кытайга мамлекеттик сапар менен жөнөп кетти. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн Сооронбай Жээнбеков менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин жолугушуусу болот.

Мамлекет башчынын Кытайдагы сапары 8-июнга чейин созулат. Бул анын президент катары алгачкы мамлекеттик сапары.

Иш сапардын жүрүшүндө кыргыз-кытай алакасынын бардык багыттары талкууланары күтүлүп жатат. Эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган 10го чукул документке кол коюлары расмий кабарланды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18