USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкексууканал: Түтүктөрдө суунун басымынын төмөндөөсү сугатка байланыштуу

11:46, 31 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Чарбакты сугаруу үчүн ичүүчү таза сууну пайдаланган жарандарга 5 миң сомго чейин айып пул салынат. Бул тууралуу маалымат жыйында «Бишкексууканал» башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мурадин Сейдалиев билдирди.

Анын айтымында, жаңы конуштарда тургундар жайкысын сугат иштери үчүн ичүүчү таза сууну пайдаланышкандыктан, түтүктөрдөгү суунун басымы төмөндөп кетет.

«Биз жергиликтүү жашоочуларга сугат үчүн иче турган сууну колдонбогула деп түшүндүрүп жатабыз. Ушул жылы 16 көчө менен 625 турак үйлөрдү текшерип чыктык», -деди Мурадин Сейдалиев.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18