USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Сапар Исаков социалдык тармактарда өзүнө карата каралоо болуп жатканын айтты

15:05, 29 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Сапар Исаков социалдык тармактарда Алмазбек Атамбаев менен өзүнө карата каралоо болуп жатканын УКМКнын сурагына кирерден мурун журналисттерге айтты.

Эске салсак, мурунку премьер-министр ЖЭБди модернизациялоого карата козголгон кылмыш иши боюнча сурак берүүгө келген.

Анын айтымында, кайда гана барбасын айрым кишилер экс-перзидент менен өзү жөнүндө каралаган түшүндүрмөлөрдү жазып таркатышууда.

«Социалдык тармактарда ар кандай каралоолорду таркатып жатышат. Саткындар деп аташууда. Менин өлкөдөн качып кетишиме тилектеш болгондорго айтат элем, Кыргызстандан эч жакка кетпейм. Мен өз өлкөмдү сүйөм, ал үчүн көп нерсеге даярмын. Таза иштеп, жемкорлукка малынган эмесмин, ошондуктан эч нерседен коркпойм», — деди Сапар Исаков.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18