USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Түгөнбөгөн суроолор. Сапар Исаковду дагы суракка чакырышты

10:32, 29 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковду дагы сурак берүүгө чакырышты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ал өзү билдирди.

Маалым болгондой, Сапар Исаков УКМКнын тергөөчүсүнүн сурагына саат 14:00гө барышы керек. Мурунку премьер-министрди УКМК төртүнчү жолу суракка чакырып жатат. Анын айтымында, Бишкек ЖЭБди модернизациялоого карата козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары сурак берүүдө.

Аталган чуулгандуу иш боюнча энергетика тармагындагы 7 кызматкерге жемкорлук беренеси боюнча айып тагылууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18