USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бүгүн Бишкекте 11-класстын 10 626 бүтүрүүчүсү үчүн акыркы коңгуроо кагылды

15:41, 25 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкекте 9-класстын 5 823, 11-класстын 10 626 бүтүрүүчүсү үчүн акыркы коңгуроо кагылды. Бул тууралуу мэриянын Билим берүү башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн борбор калаадагы мектептерде акыркы коңгуроого байланыштуу салттанаттуу иш чара болду. Ага окуучулардын ата-энелери жана меймандар катышты. Былтыр 9-классты 9 998 окуучу, 11-классты 5 709 окуучу аяктаган.

Кошумчалай кетсек, өлкө аймагында быйыл мектепти 61 миңден ашык бүтүрүүчү аяктайт. ошондой эле 9-классты 90 миң окуучу бүтүрүп жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18