USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Төрт ууна кагылышты. Айдоочулары мектеп окуучулары экендиги аныкталды

14:36, 24 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектин Элебесов менен Фере көчөлөрүнүн кесилишинде 4 унаа катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Lexus жана үч Mercedes Benz үлгүлөрүндөгү унаалар сүзүшкөн.

«Унаанын рулунда мектеп окуучулары болгон. Алар Чынгыз Айтматов атындагы лицейдин 2 окуучусу, № 29 жана № 6 мектептердин окуучулары. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Айдоочу балдардын алкогол ичип ичпегендигин текшерүү максатында, аларды наркологиялык борборго алып барышат», — дешти башкармалыктан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18