USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Депутат унаа номурларын кайра каттоодон баш тартууну сунуштады

13:35, 24 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев унаа номурларын кайра каттоодон баш тартууну сунуштады.

«Биз федеративдик өлкө эмеспиз го, унаа номурларын кайра каттоо практикасынан баш тартуу керек», деди депутат.

Айтымында, учурда унааны сатып, аны башка облуска алып барып каттоого тургузууда унаанын номурун алмаштыруу керек. Бул болсо ашыкча чыгымдарды алып келет.

«Ал тургай Орусия дагы мындай практикадан баш тартты. Биз унитардык мамлекетпиз. Аймактар боюнча бөлүнүүнүн кажети барбы?» -деп суроо салды депутат мырза.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18