USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Түркия Кыргызстандын туризмин өнүктүрүүгө жардам берет

11:21, 24 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Түркия Кыргызстандын туризмин өнүктүрүүгө жардам берет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Анкара шаарындагы кесиптеши Нуман Куртулмуш менен жолугушуу маалында белгилүү болду.

Министрлер эки тараптуу маданий байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө ниеттерин айтышты. Муну менен катар, туризм чөйрөсүндө байланышуу боюнча планды бекитишти.

Эми Түркия тарап Кыргызстандык туризм чөйрөсүндөгү кызматкерлерди окутуп баштайт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18