USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ошто бокс боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат

17:58, 22 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Ошто бокс боюнча IХ -Эл аралык мелдеш башталды. Бул тууралуу каала мэриясы билдирет.

Алардын маалыматында, Оштогу бокс жана оор отлетика спорттук мектебинде Абдували жана Нургазы Арзиевтердин жаркын элесине арналган бокс боюнча 9- эл аралык турнир башталды.

Мелдешке Орусия, Казакстан, Тажикистан, Өзбекистан, Монголия мамлекеттеринин спорт чеберлери жана Кыргызстандын баардык аймактарынан келген 200дөн ашуун спортчулар катышууда. Мушкерлер 12 салмактык категорияда күч сынашат. Максат, спорчулар ортосундагы достук мамилени чыңдоо, жаштарды бокс менен машыгууга үндөө, спортчулардын деңгээлин көтөрүүгө багытталат.

Иш-чара шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин демилгеси менен уюшулуп, жеңүүчүлөргө дипломдор, кубоктор жана баалуу белектер берилет.

Ошондой эле, жеңүүчүлөр спорттун чебери наамына ээ болушат. Мелдеш 27-майга чейин уланат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18