USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Өкмөт үйүнүнүн алдында кайрадан митинг

14:07, 21 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Борбор калаадагы өкмөт үйүнүнүн алдында Чүй облусунун тургундары митингге чыгышты. 50гө чукул киши аткаминерлердин чыгышын талап кылышууда.
«Трансформация» Коомдук бирикмесинин төрагасы Бекназар Айталиевдин айтымында, нааразы болгон тарап, трансформация боло турган жерлердин тизмесине Аламүдүн жана Сокулук райондорунда жайгашкан жерлерди дагы киргизүүнү талап кылышууда.
«Парламент Аламүдүн жана Сокулук райондорундагы жерлерди трансформациялоо тууралуу мыйзамдын варианттарын карап чыгышы керек. Бул мыйзам долбоору 2017-жылдын декабрында эле каралышы керек болчу. Бирок, процесс создуктурулуп келет. Эл дагы мыйзам долбоору каралып жатканда, алардын пикири дагы эске алынышын талап кылып жатат», —деди Бекназар Айталиев.
 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18