USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Дүйнөдө сел жана нөшөр акыркы он жылда 50 пайызга көбөйдү

08:55, 21 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Акыркы 30 жылда сел жана нөшөр акыркы он жылда 50 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу «The Guardian» билдирет.

Алардын маалыматында, дүйнө климатологдору аба ырайынын кескин өзгөрүүсү акыркы он жылда үч эсе көп байкалганын аныкташты.

Европанын Илимдер академиясы 2010-жылдан бери табигый кырсыктар 92 пайызга арбыганын аныктап, ысык аба менен муздак абанын тез эле алмашуусу жер алдындагы ысык агымдардын нугун өзгөртүп жатканын белгилеген.

Окумуштуулар мындай туруксуз аба ырайы 2100-жылга чейин уланарын божомолдошот. Европадагы климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу изилдөөгө 27 мамлекет катышкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18