USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда 11 бейтап гемодиализге кезеги жетпей көз жумган

15:23, 18 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Өлкөдө гемодиализ үчүн кезекке туруу жоюлду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 11 бейтап кезеги жетпей көз жумган. Ошондой эле гемодиализге муктаж болгон 120 бейтап Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу жеңилдетүүлөрдү алган. Бул багытта фондго кошумча 68 миллион сом бөлүнгөн.

«Бизге медициналык кызмат көрсөткөн тогуз жеке камсыздоочу ишкана менен макулдашуубуз бар. Үч күн аралыгында бейтаптардын 80 пайызы бул кызматтан пайдалана алды. 2018-жылы жалпы 600 бейтапка гемодиализ кызматын алууда жеңилдетүүлөр каралат», — деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18