USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Жаран кызын бөтөн документ менен чек арадан алып чыгып кетүүгө аракет кылган

12:48, 18 мая 2018, Бишкек - 24.kg

19-жаштагы Кыргызстан жараны кызын бөтөн бирөөнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен чек арадан алып чыгып кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

«Чалдыбар» өткөрүү пунктунун чек арачылары 17- майда 1999-жылы туулган М.А. уулу аттуу жаранды кармашкан. Ал ишеним кат менен 2004-жылы туулган М.К. аттуу кызын чек арадан бөтөн документти колдонуп алып өтүүгө аракет кылган.

Жаран укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18