USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Сокулукта турак үй өрттөнүп, эки киши каза болду

10:35, 17 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Сокулукта турак үй өрттөнүп, эки киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Сааз айылынын Түк-Баш көчөсүндө жайгашкан жеке турак үйдөн өрт чыгып, ал толук өрттөнүп кеткен.

Тилсиз жоонун кесепетинен эки киши каза болгон. Анын бири 1972-жылы туулган М. Т. экени аныкталган. Экинчисинин өздүгү такталууда. Андан тышкары 1971-жылы туулган С. И. аттуу киши жабыркаган. Учурда өрттүн келип чыгуу септери такталууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18