USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кадамжайда ажылык сапарга баруучуларга сабактар өтүлө баштады

08:52, 17 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Кадамжайда ажылык сапарга баруучуларга сабактар өтүлө баштады. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Кадамжай районунун баш имам хатиби Аскарали ажы Мирзаев Кадамжай районунун аймагынан ажылык сапарына баруучу жарандарга атайын сабактарды уюштуруп, ажылыктын шарттары, жол-жоболору милдеттемелерин түшүндүрүп берди.

Муну менен катар баш имам хатиб ар бир ажыга бара турган жаран зыяраттын жүрүшүндөгү амалдардын аткарылышынан кабардар болуусу керек экендигин айтып, ар бир ажы башчы кошумча сабактарды өтө тургандыгын кошумчалоо менен ар бир өтүлө турган сабакка активдүү катышууга чакырды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18