USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Икрамжан Илмиянов Меккеге зыяратка кеткени айтылууда

16:28, 16 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов Меккеге зыярат кылууга учуп кетти. Бул тууралуу Социал-демократтар партиясы билдирди. 

Буга чейин Илмиянов өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалымат социалдык түйүндөрдө талкуу жараткан.

«КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Икрамжан Илмиянов Меккеге зыяратка кетти. Ал эркин адам, кайда кааласа ошол жакка барат. Эгер кимдир бирөөнүн суроосу бар болсо, келгенден кийин жооп алса болот», — деп маалымдашты партиядан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18