USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Укук коргоочу акын Темирлан Ормуковду камакта кармоо мөөнөтү аяктаганын айтты

15:49, 11 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Азиз акын Темирлан Ормуковду камакта кармоо мөөнөтү аяктады. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине укук короочу Рита Карасартова билдирди.

Анын айтымында, анын ишин тергөө 29-апрелде аяктамак. Бирок акын дагы деле темир тор артында кармалууда.

«Иш Октябрь райондук сотунда каралууда. Тергөө жүрүп жатканда акын кардиологияга жатып калды. Андан соң Воронцовкага дарыланууга кетти. Ошол учурда аны үй камагынын шарттарын бузду деп айыптап, издөө жарыяланды. Тергөө мөөнөтү 29-апрелде аяктаганына карабай убактылуу кармоочу жайдан, эгер иш сотто каралып жатса, анын мөөнөтү мааниге ээ эмес экенин айтты», — деди Рита Карасартова.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18