USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

«Миллионер болгун келеби?» шоусунан Кыргызстан жараны 7 миң доллар утуп алды

14:18, 11 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Түркиянын «Миллионер болгун келеби?» шоусунан Кыргызстан жараны 30 миң лир же 7 миң долларга жакын ачка утуп алды. Программа ATV телеканалы аркылуу 7-майда көрсөтүлдү.

Кыргызстан жараны Евгения Кривенко сегиз суроого туурап жооп бергенден кийин, жыйнаган каражатын алып кетүү чечимине келди.

Маалыматка ылайык, кыз бир нече жылдан бери Түркияда жашагандыктан ал жактын тилин, маданиятын жана тарыхын жакшы эле үйрөнүп калган. Аны «Миллионер болгун келеби?» программасына катышууга курбу кызы Деңиз үндөгөн.

«Мен миллион утуп албасам дагы өлкөмдүн атынан Түркияда экинчи жолу чыгарганыма кубанычтамын. Алгач 2014-жылы моделдердин сынагына катышкам», — деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18