USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Балдардын эл аралык фестивалында кыргызстандык бөбөктөр баш байгени багындрды

16:36, 08 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Казагыстанда 4-5-майда өткөн «Бакытты елдын урпагы » аттуу эл аралык фестивалда кыргызстандык бөбөктөр баш байгени багындырды. Бул тууралуу алардын окутуучусу Гүлзинат Суранчиева социалдык тармактарга жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, П.Шубин атындагы балдардын борбордук музыкалык мектебинин
окуучусу 9 жаштагы Аяна Бакирдинова фортепиано, комуз боюнча 11 жаштагы Боогачы Нааматбеков жана дагы бир 13 жаштагы комузчу Нурсултан Аширалиев баш байгени багындырган. Фестивалда Гүлзинат Суранчиева Кыргызстандын атынан калыстар тобуна мүчө болгон.

"Бул ийгилик жалпы Кыргыз эли, Шубин мектебинин чыгармачыл жамааты үчүн чоң сыймык",- дейт окуу жайдын жетекчиси Гүлзинат Суранчиева.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18