USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Түркияда сабалган Малика Нотиева Кыргызстанга кайтып келди

09:47, 08 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Түркияда Анталья шаарында сабалган Малика Нотиева Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМК маалымдайт.

Малика Нотиева 2016-жылы катуу сабалып, «Акдеңиз» ооруканасында комада жатты. Кийинчерек анын Кыргызстандын жараны экендиги ырасталып, Анталья мекендештер жардам беришти.

Эки жыл аралыгында Малика Нотиеванын башына үч жолу операция жасалып, мээ сөөгүнүн айрым бөлүктөрү пластикке алмаштырылды.

Малика Нотиева солдон экинчи

Түркияга иштегени барган кыздын сабалышы боюнча иш козголуп, бир шектүү учурда абакта. Маликанын жактоочулары ага зомбулук жана зордуктоо үчүн 20 жыл сурашууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18