USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

УКМК спорт буюмдарын сатып алууга 132 миң сом коротот

15:44, 04 мая 2018, Бишкек - 24.kg

УКМК спорт буюмдарын сатып алууга 132 миң сом коротот. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жасалма булгаарыдан үч футбол тобу, эки баскетбол тобу, жыгачтан жасалган бир шахмат доскасы жана шахмат оюндары үчүн эки электрондук саат сатылып алынат.

Ошондой эле чекисттер 1,2,3 жана 4-орундар үчүн 15 кубок, кызыл тасмасы менен 8 медаль, спорттун ар башка түрү боюнча 3- желекче, дартс мишенин жана номерлер басылган оюн формаларын алат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18