USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Өмүрбек Текебаев күнөөсүн кечирүүнү эмес, ишин кайра карап чыгууну талап кылат

14:05, 04 мая 2018, Бишкек - 24.kg

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев анын күнөөсүн кечирүүдөн баш тартты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине партиянын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, соттолуп, учурда мөөнөтүп өтөп жаткан саясатчы анын ишин кайра карап чыгууну талап кылат. Жактоочулар баардык иш кагаздарын даярдап, президенттик иш башкармачысы Турусбек

Коеналиевден гана жооп күтүүдө.

«Турусбек Коеналиев өкмөт үйүндөгү № 306-бөлмөдө 2010-жылы Алмазбек Атамбаев олтурганын такташ керек. Аны сотто бир топ күбөлөр ырасташкан. Ал эми Алексей Модин менен Леонид Маевский өз көрсөтмөлөрүндө Өмүрбек Текебаевдин иш бөлмөсү катары көрсөтүшкөн», — дейт ал.

Эскерте кетсек, кечээ Акыйткачы Кубат Оторбаев президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, саясатчыга мунапыс жарыялоону суранган.

Өмүрбек Текебаев 2017-жылдын август айында жемкорлук айыбы менен 8 жылга соттолду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18