09:25, 04 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Журналистке Алмазбек Атамбаевге карызын бөлүп төлөөгө уруксат берилди
09:25, 04 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Zanoza.kg сайтынын негиздөөчүсү Нарын Айып мурдакы президент Алмазбек Атамбаевге карызын бөлүп төлөп берет. Бул тууралуу чечимди Жогорку Сот кабыл алды.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоп сайттын негиздөөчүлөрүн сотко берген. Нарын Айып мурдакы өлкө башчысына 9 миллион сом төлөп бериши керек.
Тема боюнча жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев журналисттин батирин сатыкка коюудан баш тартты Эскерте кетсек, Башкы прокуратура өткөн жылы президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын коргоп, «Заноза» сайты менен Чолпон Жакупованы сотко берген. Үч доо арыз боюнча тең сотто утулуп, «Заноза» сайтынын негиздөөчүлөрү Нарын Айып, Дина Маслова жана Чолпон Жакупова жалпысынан 30 миллион сом карыз.