USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Жылдагыдай эле мектептерде бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынды

14:39, 03 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Республиканын мектептеринде бүтүрүү иш-чараларын өткөрүү мөөнөтү аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө күбөлүк тапшыруу салтанаты 20- июнда, саат 10.00дө өтөт. Ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат 23- июнда, саат 10.00 тапшырылат. Иш-чара мектепте гана өткөрүлөт жана эс алуучу жайларга барып же жаратылыш кучагында өткөрүүгө тыюу салынат.

«Иш-чараны өткөрүүдө мектеп директорлору ата-энелердин акча чогултуусуна тыюу салышы керек. Эгер мыйзамсыз каражат чогултуу фактысы аныкталса, класс жетекчилер, мугалимдер жана директорлор иштен кеткенге чейин барат», — деди министрлик.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18