USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Өмүрбек Текебаев кайрадан видео байкоого алынды

16:06, 26 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

№ 47-абакта жаза өтөп жаткан мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев кайрадан видео байкоого алынды. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Видео көзөмөл Текебаевдин макулдугу менен анын коопсуздугу үчүн орнотулган.

Саясатчынын тарапташтары, укук коргоочулар жана абактагы саясатчы өзү да мындай аракетти кескин сындаган. Текебаев күндүр-түндүр коюлган видео көзөмөлдү психологиялык кысым катары сыпаттаган.

Видеокамера мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун видео көзөмөлдү алып салуу мүмкүнчүлүгүн караштырып чыгуу тапшырмасынан кийин алып салынган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18